Анда Европа Биримдигинин Борбор Азия регионундагы стратегиясы талкууланды. Европанын өкүлдөрү менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери өткөн айда Түркмөнстан борборунда жыйын куруп, анда Кыргызстан Бишкекте Суу академиясын түптөө, суу-энергетикалык маселе боюнча регионалдык саммит өткөрүү демилгеси менен чыккан. Коомдук кеңештин жыйынында Европа Биримдигинин стратегиясы боюнча коомчулуктун пикирлери угулду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)