Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

10:42 Кыргызстандын Москвадагы элчилиги такырбаштардын кылмыштарын тергөөгө көз салып турат


Элчиликтин 21-майдагы маалымдоосуна караганда, Россиянын Мамлекеттик Думасынын коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан атуулдарына каршы кылмыштарды тергөө жүрүшү боюнча маалыматын берген. Ага ылайык 2006-жылдын февраль айынан тарта 2008-жылдын февралына чейин Москва, Москва облусу жана Санкт-Петербург шаарларында 10 кыргыз өлтүрүлүп, эки жолу оор кесепеттерге алып келген кол салуу болгон. Ал кол салууларга экстремисттик, рассалык жана улуттук жек көрүүчүлүк негиз болгонун орус тарап мойнуна алган. Ошол эле кезде чет өлкөлүктөрдүн Россиянын аймагында орус жарандарына каршы кылмышы эки эсе көп болуп жатканы да белгиленген. Экстремисттик топторго каршы күрөш үчүн тартип коргоо органдарын, жарандык коомдун институттарын колдонуу сунушталган.(AiT)

XS
SM
MD
LG