Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

14:45 М.Ниязов: Кыргызстанда бийлик системасы алмашууга тийиш


Мындай пикирин оппозициялык ишмер бүгүн Коомдук парламенттин жыйынында билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстанда президенттин бийлигин чектеп, губернаторлорду түз эл тарабынан шайлоо тартибин киргизүү зарыл. Облустук кеңештер кайрадан түзүлүп, алардын арасынан Жогорку Кеңешке депутаттар тандалып шайланууга тийиш. Премьер-министр кызматы болсо жоюлуп, президент аткаруу бийлигине да жоопкерчиликти алууга тийиш. Ниязовдун көз карашы боюнча, азыркы кезде партиялар бышып жетиле элек. Ошондуктан парламенттин 50% партиялык тизме аркылуу, калган жарымы бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттардан түзүлүш керек. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы толук көз каранды болууга тийиш. Конституцияны өзгөртүү укугу Жогорку Кеңешке берилүүгө тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG