Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

15:34 Жогорку Кеңештин комитети “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгууну чечти


“Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы редакция деп аталган долбоор 21-майда Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинде талкууланып, долбоорду парламентке алып чыгуу чечими жактырылды. Парламенттин комитети ошондой эле ишкерликке шарт түзүү максатында адилет министрлиги тарабынан сунушталган “Юридикалык тараптарды каттоо жөнүндөгү” мыйзамга да өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Анда катталуу үчүн документтерди кыскартуу каралган. Ал эми “Жарандык кодекске” да өзгөртүү мына ушундай максатта киргизүү сунушталды. Анда насыя алган адамдын төлөө кудурети боюнча маалыматты үчүнчү тарапка берүүгө жол ачуу каралган. Бул мыйзам парламентте кабыл алынса, анда насыя берген тарап үчүн насыя алып жаткан адамдын каржылык кудурети тууралуу маалымдар болушуна шарт түзөт. Бул эки мыйзамга тең өзгөртүүлөр Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүүгө жеңилдик берүү максатында киргизилүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG