Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

17:57 Кыргызстандын ички иштер министри Талас милициясына 5 автоунаа жөнөттү


Эки автоунаа жакында эле ачылган Талас районунун Чатбазар айылындагы жана Карабуура районуна караштуу Аманбаев айылындагы милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди. Дагы бир автоунаа Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмышты иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерине берилсе, калган эки автоунаа облустук ички иштер башкармалыгынын кызматтык кылмыш жана баңгизат менен күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди. Автоунаанын ачкычтарын бүгүнкү атайын өткөрүлгөн салатанатта облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абай Кожокулов тапшырды. (UA)

XS
SM
MD
LG