Бул - кара май баасынын жаңы рекорддук чекке чыгышы. Нью-Йорк биржасындагы бүгүн соодада мунайдын бир баррели 130, 47 долларга бааланды. Аналитиктердин айтымында, баанын асмандашына доллардын нарксызданышынын, сунуш суроо-талапты орундата албай калат деген кооптонуулардын таасири тийүүдө. Ошондой эле чайкоочулуктун, доллардын нарксызданышы менен инфляциядан улам инвесторлор акчасын мунай өңдүү товарларга айландыруусунун салымы бар.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага