Өлкөнүн Батыш колдогон азыркы өкмөтү менен "Хезболла" уюму баштаган оппозициячыл күчтөрү өлкөдө бир жарым жылга созулган саясий кризисти жөнгө салууну караган макулдашууга жетишти. Бул тууралуу бүгүн Катардын борбору Дохадан жарыяланды. Бул жерде бир нече күнгө созулган сүйлөшүүлөргө Араб лигасы ортомчулук кылды. Эми бир–эки күндүн ичинде өлкөнүн жаңы президенти шайланышы керек. Өкмөт менен "Хезболланын" тирешүүсүнөн улам Ливанда алты айдан бери президенттин орду бош турат, ал эми ушул айдын башында кризис көчө уруштарына чейин өсүп жеткен.