Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

8:55 Бүгүн мурдагы баш прокурор Бекназаров билдирүү жасайт


“Асаба” партиясынын мүчөсү Роза Нурматованын кечээ коомдук парламент отурумунда маалымдаганына караганда, Бекназаровду Улуттук Коопсуздук кызматы суракка чакырды. Ал эми башкы прокуратура саясатчыга үч ирет эскертүү берген. Мындай маалыматтарды аталган расмий тараптар тастыкташа элек. Коомдук парламенттин мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бийлик Бекназаров сыяктуу белгилүү саясатчынын кылмышы бар же жок экенин элге ачык айтпаса, нааразылык пайда болушу мүмкүн деп билдирди. Экс-баш прокурор, экс-депутат Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиевди кескин сындап келаткан оппозициячыл саясатчылардын бири. (BuS)

XS
SM
MD
LG