Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

13:38 Төраганын орун басары А. Турсунбаев: Парламенттин имаратын жаңгак уюлу менен жасалгалоо парламенттин 85 жылдык юбилейине даярдык көрүү үчүн керек


Төраганын орун басарынын айтымында, парламенттин чоң, кичи залдарын, кире бериштерин ремонттоо парламентин 85 жылдык юбилейине даярдык көрүү үчүн зарыл. Адахан Мадумаров бул маселе президент жана өкмөт башчы менен макулдашылып чечилерин, эгерде каражат чечилбей калса, анда ишкерлерге, эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылууга даяр экенин билдирди. Төраганын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңешке үй куруу үчүн 54 миллион сом бөлүнгөн. Бирок үй куруу учүн бөлүнгөн жерге башка курулуштар түшө баштаган. Ошондуктан бөлүнгөн 54 миллион сомду ремонт ишине жумшоо зарыл деген оюн айтты. Президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов ремонт ишине президент каршы экенин билдирген. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков президенттин позициясын ачыктоону президенттин парламенттеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Камбаралы Конгантиевден өтүндү. Ага жооп берген Конгантиев президенттин оюн “Ак жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимова ачыктаарын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG