Бир катар укук коргоочулар өкмөттүн “Айыл банкын” менчиктештирүүгө багытталган саясатына тынчсызданып, бүгүн билдирүү таратышты. Алар бул банкка байланыштуу бир катар маселелер дагы да болсо бүдөмүк турганын айтышып, ал суроолорго жооп алууга үмүттөнүшүүдө. Ал суроолордун арасында төмөнкүлөр да бар: 1997-жылдан бери Каржы министрлиги “Айыл банктан” алып келаткан жылдык 17 % айырма кайсыл жактарга жумшалган? “Айыл банктын” болочок ээлери анын 41 миллион долларлык карызын жаап береби же ал өкмөттүн, карапайым салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөлөбү? “Айыл банкты” сатуу боюнча эл аралык тендер жарыяланабы? Эгерде андай болбой турган болсо, укук коргоочулардын пикиринде бул элди дагы бир жолу тоноо болуп саналат. Айта кетсек бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Айыл банкын" менчиктештирүү боюнча долбоорунун концепциясын талкуусуз колдоп беришти. Ага ылайык банктын 67 % бөлүгү менчиктештирилмекчи.(IJz)