Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

14:35 Бишкекте “Бизнес-диалог 2008” деген аталыштагы ишкерлердин эл аралык форуму өттү


Бүгүн Бишкектеги “Hyatt” мейманканасында “Бизнес-диалог 2008” деген аталыштагы ишкерлердин эл аралык форуму болуп өттү. Форумду Жаш ишкерлер ассоциациясы, Кыргыз-түрк ишкерлер уюму жана “Себат” билим берүү мекемеси уюштурду. Жаш ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Алмаз Бейшеналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, форумга Голландиядан, Германиядан, Түркиядан, Орусиядан жана Казакстандан ишкерлер келип катышып, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу тууралуу пикир алышышты. Бизнес форумга Вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү да катышып, Кыргызстандагы ишкерлер жана инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу кеп козгоду. Ошондой эле ал форумда катышып отурган түрк ишкерлеринин басымдуулугун эске алып, бүгүнкү күнү Түркиянын ишканалары Кыргызстанга 300 миллион доллардан ашуун инвестиция жасашканын баса белгиледи. (IJz)

XS
SM
MD
LG