Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Кытайдагы зилзаладан курман болгондордун саны 51 миңден ашты


Дагы 29 миң адам дайынсыз жоголуп, 4 миң бала жетим калды. Бул тууралуу Кытай бийлиги кабарлады. Сычуан аймагындагы жер титирөө 12-майда болуп, анын кубатуулугу 7.9 баллды түзгөн. Кытай бийлиги 3 миллиондон ашуун чатырга муктаж экендигин кабарлаган, себеби миллиондогон үйлөр урап, адамдар баш калкалоого жер таппай калышкан. Бүгүн Кытайда 3 күндүк аза күтүү аяктап, Олимпиада оту кайра өз сапарын улантууда. Шамана зилзала болгон Сычуан аймагынан август айына белгиленген Бээжин олимпиадасы башталарга бир аз убакыт калганда өтөт.

XS
SM
MD
LG