Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кечээки парламенттик шайлоодо өзүнүн партиясын жеңгенин билдирди. Бирок оппозиция шайлоонун жыйынтыктары бийлик тарабынан бурмаланганын белгилөөдө. Саакашвили Бирдиктүү Улуттук Кыймыл парламенттеги 150 орундун үчтөн экисине жакынына ээ болуп, конституциялык көпчүлүктү түзөт деген ишенимде. Борбордук шайлоо комиссиясы Михаил Саакашвилинин партиясы шайлоочулардын 63 пайыздан ашыгыраак добушун алганын айтууда. Бириккен оппозиция 13 пайызга чукул добуш менен экинчи орунга чыккан.