Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

БУУнун баш катчысы Мянмага келди


Пан Ги Мун Мянманын аскер бийлигин циклондон запкы жеген калкты тезирээк эл аралык жардам менен камсыз кылууга ынандырганга аракеттенет. Буга чейин Мянманын аскер хунтасы гуманитардык жардамдарды кабыл алууну кечеңдетип, коңшу өлкөлөрдөн дарыгерлерди кабыл алууга араң көнгөн. БУУнун баш катчысы тик учак менен “Наргис” бороон чапкыны каттуу жайпап салган аймактарды кыдырып көрмөкчү. Мянмада 2-майда болгон бороондун кесепетинен дээрлик 134 миң адам каза тапкан жана жоголгон. 2.4 миллиондой адам жардамга өтө муктаж абалда турат.

XS
SM
MD
LG