Жыпаргүл Арыкованы мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу маселеси ал жаза өтөп жаткан түзөтүү мекемесинин административдик комиссиясында 24-майда каралат. Бул тууралуу камактан үй-бүлөлүк келишимдин негизинде жаңы чыккан журналист Арыкова “Азаттыкка” билдирди. Жогорку Кеңештин мурдагы кызматкери Жыпаргүл Арыкова мамлекетке тыңчылык кылды деген шек менен Коопсуздук кызматында 10 ай камакта отурган. Февралда Биринчи май райондук соту анын ишин карап, чыккынчылык кылган эмес, чет элдик уюмга кызматтык маалымат берген деген тыянак чыгарган жана үч жылга шарттуу кескен. Арыкованын билдиргенине караганда, чектелген мөөнөттү 10 айда өтөп бүттү. (BuS)