Эстония, Литва, Латвия жана Польша мамлекеттеринин президенттери Рига декларациясында Орусияны эл аралык нормаларды сактап, Грузияда жана анын аймактарында кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө чакырды. Бул төрт өлкө президенттери ошондой эле Грузиядагы парламенттик шайлоону кубаттап, эл аралык нормаларга ылайык өттү деп белгилешти.