Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык (ЕККУ) уюмунун өкүлү Жоао Соарес өлкөнүн шайлоо системасында бир топ иштер аткарылганы менен дагы чечиле элек маселелер бар деди. Шайлоо жараянын даярдап өткөрүү өзгөргөнү менен, ал көп учурда добуш берүү өнөктүгү менен айкалышпай калганын белгиледи. 21-майдагы парламенттик шайлоодо президент Саакашвили анын партиясы жеңгенин жар салган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартууда.
Эл аралык байкоочулар Грузиядагы парламенттик шайлоодо мүчүлүштүктөр орун алганын билдиришти