Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

11:35 Укук коргоочулар Жогорку Кеңеш депутатына каршы сотко апелляциялык арыз берет


Буга Бишкектин райондор аралык сотунун Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимовага каршы “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова берген арызды “Ак жол” фракциясы мамлекеттик орган эмес” деп карабай койгондугу себеп болду. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси “Ак жол” фракциясы энергетика тармагы боюнча маселени жабык эшик артында карагандан кийин фракция жетекчиси Элмира Ибраимова жарандардын маалымат алуу укугун бузду деп, аны жоопко тартуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Арызды Бишкектин район аралык соту карабай койгондон кийин андан жогорку баскычтагы сотторго кайрылган жатат. Бул тууралуу укук коргоочулардын консультациялык-координациялык кеңеши билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG