Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

13:00 Президент Жогорку Кеңеш имаратын ремонттоо маселесин курчутуунун кереги жок деп эсептейт


Президент Курманбек Бакиев мындай оюн бүгүн министрлик менен мекеме жетекчилери менен жолугушууда билдирип, парламентте мындан башка маанилүү маселе жокпу деп суроо салды. Жогорку Кеңештин имараты жакында эле 16 миллион сом коротулган ремонттон өткөндүгүн эске салган президент ремонт тууралуу сөз болгондо мамлекеттик чыгашаны азайтуу керек деп айткандыгын, бирок кайра эле ремонт жасоо керек деген демилге көтөрүүнүн зарылдыгы жок болчу деп белгиледи. ЖК имаратын ремонттоо боюнча “Ак жол” фракциясында чыккан талаштан улам спикер Адахан Мадумаров өзүнө ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө маселесин талкууга кое элек. Фракция жетекчиси Элмира Ибраимова маселе эки комитеттин кароосунан кийин чечим кабыл алынаарын билдирген.(BD)

XS
SM
MD
LG