Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

13:45 Парламентте мугалимдердин айлыгы боюнча вице-премьер-министр маалымат берди


Вице-премьер-министр Нур уулу Досбол парламентке маянасын албай жаткан мугалимдердин талабы менен келди. Анын айтымында, Каржы министрлигинин алдын ала эсеби боюнча мугалимдерге 2003-жылдан берки карыздын көлөмү 4,5 миллиард сомду түзөт. Бирок аны дароо төлөп берүүгө өкмөттүн алы жетпейт. Ошондуктан ушул жылдын февраль айында 2003-жыл үчүн 1 миллиард 200 миллион сом карыз төлөнсүн деген чечим кабыл алынып, аны 1-сентябрдан тарта жыл аягына чейин төлөө графиги түзүлгөн. “Буга чейин соттун чечими менен 130 миллион сомдук карыз төлөнгөн, дагы 150 миллион сом төлөнсүн деген соттун чечими бар”, - деген вице-премьер-министр өкмөт кептелип турган чыныгы абалды соттор да түшүнбөй жатат жана мугалимдерди оппозиция козутууда деп белгиледи. Анын билдирүүсү боюнча жаңы жылдан тарта 2004-2005-жылдардагы карыз төлөнө баштайт. (BD)

XS
SM
MD
LG