Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

14:12 “Агым” гезитин сотко беришти


“Агым” гезити 2-майдагы санында “Джек потрошитель... или пикантные подробности бурной юности Аликбека Джекшенкулова” деген макаланы басып чыгарган болчу. Анда азыркы оппозициянын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов убагында эки кыздын өлүмүнө тийиштиги бар экени жазылган. Саясатчы өзү анда айтылгандарды четке кагаарын бүгүн “Азаттыкка” билдирди. 1990-жылдары көзү өткөн кыздардын биринин жакын туугандары жакында, 21-май күнү, Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылып, “Агым” гезитин көзү өткөн кыздын абийирине шек келтиргени үчүн айыптап, сотко беришти. Алар А.Жекшенкуловду ал окуя үчүн айыптуу деп эсептебей тургандыктарын “Аалам” гезитинин бүгүнкү санында жазышкан. Сотко кайрылгандардын бири Асел Аргымбаева “Азаттыкка” айтканына караганда, алар “Агым” гезити аталган макалада жазылгандарды төгүндөгөн макаланы басып чыгаруусун, моралдык чыгым үчүн 1 млн.сом төлөп беришин талап кылышууда. “Агымдын” гезитинин ээси Бегалы Наргозуев болсо бул жөнүндө азырынча кабары жок экенин, бирок иш сотко өткөн болсо деле аны "трагедия” деп баалоодон алыс экенин айтты. “Биз баардык тараптарды бирдей сындайбыз. Центристтик маанайдагы басылманын тагдыры ушундай болот экен – баары сага таарына берет. Ал эми А.Жекшенкулов тажрыйбалуу саясатчы жана буга чычалаганы ага эч кандай аброй алып келбейт”, - деди “Азаттыктын” суроолоруна жооп берген Б.Наргозуев. А.Жекшенкулов өзү жөнүндө “Агым” гезитинде жазылып жаткан макала-кабарлар тууралуу сүйлөп жатып, аталган гезит “Акүйдүн саясий куралына айланганын” айткан бочу. (TD)

XS
SM
MD
LG