Кыргызстан менен Казакстандын фитосанитарлары Талас облусунун Манас районунда жана Казакстандын Жамбул районундагы чегара аймактарын иликтеп, чегиртке топтолушу мүмкүн болгон жерлерде химиялык тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Мындай маалыматты Айыл,суу чарба министрлигинин басма сөз кызматы таратты. (BD)