Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

17:39 “Ак жолдун” жетекчиси спикердин сөзүнө баа берүүнү талап кылууда


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимова өзүнө карата спикер Адахан Мадумаровдун 22-майдагы жыйында айткан сөздөрүн териштирүү өтүнүчү менен этика жана регламент комитетине кайрылды. Комитеттин төрага орун басары Динара Молдошеванын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, комитет мүчөлөрү эми жыйындын стенограммасы менен таанышып, видеотасманы көрүп, спикер депутаттын абийири менен беделине шек келтирген же келтирбегендигин иликтейт. “Ак жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимова парламенттин имаратын ремонттоо маселесин талкуулоо маалында спикердин айткан сөздөрү беделиме шек келтирди деп, спикердин андай сөздөрдү айтууга моралдык кандай укугу бар экендигин териштирүүнү тиешелүү комитеттен өтүнгөн.(BD)

XS
SM
MD
LG