Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 07:27

11:35 Президент төрт пансионатты Казакстанга берүү тууралуу мыйзамга кол койду


К. Бакиев төрт пансионатты Казакстанга убактылуу өткөрүп берүү боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кечээ кол койду. Аталган мыйзамдын биринчи беренеси 2006-жылдын июль айында Астанада кол коюлган өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жогорку Кеңеш төрт пансионатты Казакстанга ижарага берүү боюнча мыйзамды көптөгөн талаш-тартыштардан соң апрель айында кабыл алган. (JTo)

XS
SM
MD
LG