Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:24

13:17 “Де-факто” гезити Асылбек Салиевди соттук-психологиялык экспертизадан өткөрүү сунушу менен кайрылды


Гезит редактору Чолпон Орозобекова бул экспертизаны өз эсебинин өткөрүп берүүнү сунуштады. А. Салиевдин коргоочулары муну соттук ишти создуктуруу аракети деп атап, каршы чыгышты. Биринчи май райондук соттун судъясы Мадина Давлетбаева болсо “Де-факто” гезитинин сунушун четке какты. Кечээ президент К. Бакиевдин иниси А. Салиевдин “Алиби” жана “Де-факто” гезиттерине карата берген доо-арызы боюнча соттук териштирүү уланган. Аталган гезиттер адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына тиешеси бар деп шектелген унаада Асылбек Салиевдин атына жазылган телефон квитанциясы табылганын жазып чыгышкан. Асылбек Салиевдин атынан анын агасы Искендер Бакиев көрсөтмө берди. Ал кылмыш ишинде көрсөтүлгөн телефонду иниси мурун көтөрүп жүргөнүн, бирок кийин башка бирөөгө берип салганын айтты. Буга чейин тергөөчүлөр квитанция президенттин инисине аты уйкаш бирөөгө таандык деп айтып келишкен. Асылбек Салиевдин доо-арызын кароо 2-июнда уланат. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына "Де-факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобекова билдирди. (JTo)

XS
SM
MD
LG