Бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов Минск шаарында өткөн КМШ отурумунун жыйынтыгы тууралуу өлкө башчысына маалымат берди. Чудиновдун айтымында, отурум учурунда КМШга кирген бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жооп берген бир катар маселелер боюнча макулдашууларга жетишилди. Өз кезегинде президент Бакиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунун маанисин баса белгиледи. Чудиновдун иш сапарынын жыйынтыгына токтолуп, президент жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашырууга көзөмөл салуу зарылдыгын айтып, күзүндө Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммитинин өтөөрү күтүлүп жатканын эскертти. (ZMa)
14:21 Президент К.Бакиев менен өкмөт башчы И.Чудинов КМШ отурумунун жыйынтыгын талкуулашты