Бул тууралуу «Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү» башкармалыгынын Кыргызстандагы программасынын координатору Бекер Демир билдирди. Ал жетектеген топ бүгүн Нарын шаарына эртең менен келе жатышып, Нарын районундагы Оттук айылына жакын жерден «Ниссан-Джип» автоунаасы ала салып кеткен. Тилекке жараша автоунаа ичиндеги беш адам эч жабыр тартышкан эмес. Окуя боюнча Нарын ички иштер бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүүдө, дейт облустук МАИнин жетекчиси Бактыбек Элебесов. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Бакыт Рыспек уулу жагдай боюнча маалымат бере албастыгын билдирди. Ал эми Нарын шаарына аман-эсен келишкен түрк жарандары түштөн кийин Нарын мамлекеттик университетинде ачылган компьютердик курс, тигүүчү цех жана улуттук кол өнөрчүлүк борборлордун ачылышына катышты. Бул долбоорго «Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү» башкармалыгы 50 миң долларлык демөөрчүлүк көрсөтүшкөн. (KUs)