Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Жапонияда климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык жыйын башталды


Жыйын өлкөнүн батышындагы Кобе шаарында өтүп жатат. Үч күнгө созулуучу кеңешмеде Чоң сегиздин тобуна кирген жана Бразилия, Кытай, Индия, Индонезия, Мексика, Австралия, Түштүк Корея, Түштүк Африка өңдүү ыкчам өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өкүлдөрү глобалдык жылуулукка өбөлгө болгон булганыч газдардын абага бөлүнүшүн азайтуу маселесин карашат. Бул жолугушуу аркылуу Жапония булганыч газдарды кыскартууну караган эл аралык жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого үмүттөнүүдө. Чоң сегиздин быйылкы саммити 7-8 - июлда Жапонияда өтөт.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG