Бул тууралуу АКШ баштаган коалициянын командачылыгы билдирди. Алардын маалыматына караганда, кагылышуу Гилменд провинциясында орун алып, согушкерлерге абадан сокку урулган. Быйыл эле Ооганстанда козголоңчулар менен байланыштуу кагылыштардан 1200дөн ашуун адам, көбүнесе согушкерлер мерт болду.