Оппозициянын негизги бирикмесинин билдиргенине караганда, алар жаңы парламентти ушул шаршембиде болгон шайлоого макул эместигинен улам бойкоттойт. Партиялык тизме жана бир мандаттуу округдар боюнча өткөрүлгөн ал шайлоодо президент Михаил Саакашвилинин партиясы жеңишке жетишип, парламенттеги 150 орундун басымдуу бөлүгүн ээлеген эле.
Грузиянын Бириккен оппозициясынын лидери Леван Гачечиладзе ошондой эле алдыдагы дүйшөмбү күнү, 26-майда ири демонстрация өтөрүн жарыялады. Бул күн - Грузиянын көз карандысыздык майрамы.
Бириккен оппозиция өкмөттү добуштарды бурмалаганы үчүн айыптоодо. Европадагы Копсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары добуш берүү бир катар проблемалар, анын ичинде шайлоочуларды коркутуу менен коштолгонун билдирген.