Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

Орусиялык ырчы Евровидение-2008 ыр сынагын жеңип алды


Орус ырчысы Дима Билан 24 өлкөдөн катышкан атаандаштарынан озуп чыгып, “Ишен” ("Believe") аттуу ыры менен 1-орунду ээледи. Жалпысынан сынакка 43 өлкөнүн ырчылары катышты. Кечээ ыр сынагынын финалында телефон аркылуу берилген добуш боюнча Дима Билан 272 балл алган. Экинчи орунду Украинанын, үчүнчү орунду Грециянын ырчылары ээледи. Сербиянын баш калаасы Белградда өткөн ыр сынагын түз ободон 100 миллиондон ашык адам көргөнү кабарланууда.

Евровидение биринчи жолу 1956-жылы Швейцарияда өткөн. Өткөн жылы Евровидение сынагын серб ырчысы Мария Шерифович жеңип алган.

Дима Биланды жеңиши менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев куттуктады. Бул тууралуу президенттин өкүлү Алексей Громов билдирди. “Дмитрий Медведев Евровидение-2009 сынагы Орусияда эң жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишенет”, - деди Громов.

1956-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул сынакта Орусия алгачкы ирээт биринчи орунду ээледи. Буга чейин Евровидение сынагына Орусиянын атынан Алла Пугачева, Филлип Киркоров, Алсу, “Мумий Троль”, “Премьер-министр” жана “Тату” өңдүү топтор катышкан.

XS
SM
MD
LG