Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:21

11:57 Б.Бешимов: Имаратты оңдоого байланыштуу чатак – жөн гана шылтоо болду


Парламенттеги Социал-демократиялык фракциянын жетекчиси, депутат Бакыт Бешимов азыркы парламенттик кризистен чыгуу үчүн “Ак жол” фракциясы ойлонуп, бир чечимге келсе жакшы болмок деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. “Азыр аны жумшартып, башка жакка буруп кеткенибиз менен барып-барып бул маселе кайра чыгат. Улам эле парламент эл алдында шылдың болуп тура бербеш керек. Болбогон бир маселе боюнча саясий ажылдакты токтотуш керек”, - деди саясатчы. Бешимовдун пикиринде ушул тапта президенттин өз командасы жок жана айланасында аркыл топтор, анын ичинде мафиялык топтор жүрөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG