Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Аба ырайы: 26-майда Кыргызстандын айрым облустарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт


Бишкектеги гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 26-майда Кыргызстандын айрым облустарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23… +28 градус.
Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 градус болот.
Баткен аймагында түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23 градус.
Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23 градус.
Нарын дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24 градус.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус.

Күндүн узактыгы: 15 саат.

XS
SM
MD
LG