Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Ливан жаңы президенттүү болду


Ливандын парламенти кечээ армиянын генералы Мишель Сулейманды өлкө башчысы кылып шайлады. Саясий серепечилердин божомолунда жаңы президенттин шайланышы Ливанды жарандык согуштун чегине жеткирген өз ара саясий араздашууларга чекит коет. Сулейман расмий түрдө кызматка киришүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө АКШ колдогон өкмөт менен “Хезболла” уюму жетектеген оппозицияны “маданияттуу диалогго” үндөдү. Эки тараптын тирешүүсү май айынын башында курчуп, Бейруттун көчөлөрүндө орун алган кандуу кагылышууларга алып келген. Мындан тышкары Мишель Сулейман Сирия менен болгон формалдуу дипломатиялык мамилелерди кайра түзүүгө чакырды. Ал эми Вашингтондон президент Жорж Буш Мишель Сулейманды өлкө башчысы болуп шайланышы менен куттуктады.

XS
SM
MD
LG