Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

14:00 Президенттин иниси Адылбек Бакиев Каратэ-до федерациясын жетектеп калды


Президенттин иниси Адылбек Бакиев Кыргызстандын Каратэ-то федерациясын жетектеп калды. Жаңы кызмат ордун өткөрүп берүү иш-чарасы кечээ жекшемби күнү өспүрүмдөр арасында каратэ боюнча республикалык мелдештин ачылышында болуп өттү. Адылбек Бакиевге жаңы кызмат орду менен куттуктап кыргыздын улуттук кийимдери тартууланып, аны менен кошо каратэ боюнча кара кур тапшырылды. Жаңы жетекчи өз сөзүндө бала чагында спорт менен машыкканын айтып, ага көрсөтүлгөн ишенимди актоого убада берген. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты. (IJz)

XS
SM
MD
LG