Президент Курманбек Бакиевдин бүгүнкү “Кыргызкино улуттук концерни жөнүндө” жардыгына ылайык Кыргызкино улуттук концерни жоюлуп, анын милдеттери Маданият министрлигине өттү. Жардыкка ылайык мындан ары мамлекеттик кинематография уюмдарынын жетекчилери Маданият министри тарабынан дайындалат. Ошондой эле өкмөткө “Кыргызкино” улуттук концернинин жоюлушунун эсебинен Маданият министрлигинин кызматкерлеринин эсебин көбөйтүү, министрликтин алдында кино тармагын тейлеген тармакты түзүү иштери тапшырылды. Эскерте кетсек бүгүн маалымат жыйын өткөргөн “Кыргызкино” улуттук концернинин жетекчиси Замир Эралиев, өзү жетектеген мекеменин Маданият жана маалымат министрлигине карашына каршы экенин билдирген. (IJz)