Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

18:44 Ысыккөлдө “Акыл ордо” кеңешинин 25-майга белгиленген марафон жүрүшү болбой калды


Облустагы ар бир айылдын социалдык көйгөйүн чечүү максатында марафон жүрүш уюштуруп аткан “Акыл ордо” кеңешинин бул иш чарасы июнь айына жылдырылды. Аны кеңештин төрагасы Таалай Абдылдаев 25-май күнү мектептердин бошобой калганы жана марафон менен элдик фонддун максаты жөнүндө элге түшүндүрүү иштери зарыл болуп турганы менен байланыштырды. Бирок көпчүлүк талдоочулар элдик бийлик бутагын орнотолу деген мындай чакырыкты бийлик тарап тыйып, марафон жүрүштү июнь айында деле өткөртпөйт деп белгилешүүдө. (RB)

XS
SM
MD
LG