Кыймылдын мүчөсү Мирослав Ниязов тарабынан иштелип чыккан концепциянын долбоору 25-майда алгачкы ирет талкууланып, аны күз айларына чейин улантуу чечими жактырылды. Концепцияда президенттин бийлигин чектөө, губернаторлорду шайлоо, парламенттин 50% партиялык тизме менен калган жарымын бир мандаттуу округдардан шайлоо каралган. Аликбек Жекшенкуловдун билдирүүсүнө караганда, кыймылдын активисттери жер-жерлерге чыгып, азык-түлүк коопсуздугу, энергетика, саясий абал, концепция боюнча маалымат берип, ошол эле кезде элдин пикири угулмакчы.(AiT)
7:57 “Акыйкат үчүн” кыймыл “Өлкөнүн башкаруу системасын реформалоонун” концепциясын талкуулайт