Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Роза Даудова “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматы боюнча, жума күнү өкмөттүн жыйыны болуп, анда карала турган маселелердин бири жаңы “Салык” кодексинин долбоору.Бул кодекс парламент тарабынан июнь айында кабыл алынышы маанилүү экенин президент да белгилеген. Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы “Салык” кодексинде ишкерликке мыкты шарт түзүлөт.(AiT)