Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:00

Европа Биримдиги атып түшүрүлгөн грузин учагы боюнча маалымат берүүгө Москваны чакырды


Абхазиянын аба мейкиндигиндеги грузин учагын Орусия өткөн айда атып түшүргөн деген бүтүмүн Бириккен Улуттар Уюму дүйшөмбү күнү жарыялады. Учурда Евробиримдик Орусиянын бул кадамын түшүндүрүп берүүсүн талап кылууда. Мындай чакырыкты Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупель Брюсселде өткөн тышкы иштер министрлердин жыйынында жасады. БУУнун доклады бир гана Орусияны айыптабастан, Абхазиянын аба мейкиндигине учкучсуз учактарын учурган Тблисинин да кескин сындап, бул кадам менен Грузия ок атышпоо келишимин бузуп жаткандыгын белгиледи. 20-апрелде Грузиянын учагы атып түшүрүлгөндөн кийин Тбилиси Москваны айыптап, эки өлкө бийлигинин кайым айтышуусу күчөгөн.

XS
SM
MD
LG