ФИФА (Дүйнөлүк футболду башкаруучу уюм) Иракты эл аралык футболдон бир жылга четтетти. Ирак өкмөтү өткөн жумада өлкөнүн Улуттук футбол федерациясын жою боюнча токтом чыгарган. Эгерде Ирак бийлиги ушул бейшембиге чейин аталган чечимин өзгөртсө, ФИФА Ирактын мүчөлүгүн кайрадан калыбына келтириши мүмкүн.