Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

10:28 “Ак жол” фракциясы эртең Адахан Мадумаровго ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө маселесин карайт


Мындай чечим кечээ “Ак жол” фракциясынын чукул жыйынында кабыл алынды. Маселенин дароо каралбай калышы Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун Австрияда расмий сапарда жүргөндүгү менен түшүндүрүлүүдө. Фракция мүчөсү Бегалы Наргозуевдин билдиргенине караганда, фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Адахан Мадумаровду Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан кетирүүгө ыктап турушат. Жаңы төрагалыкка талапкер катары Автандил Арабаев, Зайнидин Курманов баштаган беш-алты талапкердин аттары аталууда.
Өткөн аптанын этегинде имарат ремонтуна байланыштуу чыккан чатакта Адахан Мадумаров мамлекет жетекчилигин Жогорку Кеңештин төрагасына Конституциянын талаптарына төп мамиле жасабай жатканы үчүн сындаган. Айрым маалымат каражаттары Мадумаровду кызматтан алуу тапшырмасы президент Курманбек Бакиев тарабынан берилгендигин жазып чыкты. Бирок, азырынча бул маалыматты президенттин маалымат кызматы да, “Ак жол” фракциясы да тастыктай элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG