Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

14:14 21-июнда “Ак шумкар” партиясынын кезексиз курултайы өтөт


Партия лидери Темир Сариевдин маалыматына караганда, курултайда партиянын жаңы уставы, программасы кабыл алынат, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга баа берилет. Мындан тышкары курултай партиянын ички маселелерин талкуулайт. 2005-жылы Демократиялык күчтөр биримдиги деген ат менен түзүлгөн “Ак шумкар” саясий партиясы 2007-жылдын 16-декабрындагы кезексиз парламенттик шайлоо алдында “Ата мекен” социалисттик партиясына бириккен. 14-майда ал партиядан кайра бөлүнүп, өз алдынча ишмердүүлүгүн жандандырарын жарыялаган. Партия лидерлеринин бири Кубатбек Байболов парламенттик шайлоодон кийин саясаттан кеткен. Темир Сариевдин билдиргенине караганда, учурда партиянын саясий кеңешинин курамында Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG