Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

14:30 Жарандардын тынч митингдерди өткөрүү укугу буюртма менен чектелүүдө


Мындай пикирин бүгүн бир катар укук коргоочу активисттер маалымат жыйынында билдирип чыгышты. Анткени жакында парламент депутат Исхак Масалиев демилгелеп чыккан “Тынч митингдерди өткөрүү тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карайт. Анда митинг, пикеттер президенттин резиденциясынан, Жогорку Кеңештин имаратынан, кооптуу делинген объектилерден жана башка ушул сыяктуу жайлардан 30-50 метрден алыс жерде өтүшү керек, ошондой эле бийлик өкүлдөрү митинг өткөрүү жайларын өзү көрсөтөт деген өзгөртүүлөр өңдүү чектөөлөр киргизилген. Ушундан улам укук коргоочулар аталган мыйзамды кабыл албоого чараларды көрүп жаткандыгын айтышып, бул мыйзам долбоорду демократиядан артка чегинүү катары баалашууда. Ал эми депутат Исхак Масалиев “Азаттыкка” курган маегинде мындай чектөөлөр мамлекеттүүлүктү сактап калуу максатында киргизилип жаткандыгын, мунун артында бирөөгө жагалданайын деген аракет жок экенин билдирди. (ESu)

XS
SM
MD
LG