Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

17:14 Ысыккөлдөгү туристтик сезондун даярдыгы боюнча республикалык деңгээлде жыйын өттү


Чолпоната шаарындагы “Кыргыз деңизи” эс алуу жайына бардык пансионаттын жетекчилери чогулуп, туристтик бизнес менен иштөө - салык төлөмдөрүнүн тоскоолдугунан улам татаалдашып кеткен, ошондой эле кир сууну тазалоо системаларынын наркы да көтөрүлүп кеткенин билдирди. Салык жыйноо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Темирбек Курманбеков социалдык-маданий тармакка сүрөнчү болгондор пайдадан түшчү салыктан жеңилдетилээрин, ошондой эле жаңы жылдан баштап кыймылсыз мүлккө дагы салык киргизилээрин айтты. Облустун жетекчиси Кыдыкбек Исаев суу тазалоо системасы жок 12 эс алуу жай ишке кирбейт деп 1-июндан 1-сентябрга чейин үзгүлтүксүз бериле турган энергияны сарамжал пайдаланууга чакырды. Анткени “Көгүлтүр Ысыккөл” баштаган 50гө жакын эс алуу жай электрге 5 миллионго жакын акча карыз экен. (RB)

XS
SM
MD
LG