Фракция мүчөсү Кабай Карабековдун маалымдоосуна караганда, фракциянын жыйыны эртең менен саат тогуз жарымда башталат. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин имаратын ремонттоого байланыштуу 22-майдагы кызуу талаш-тартыштан кийин Адахан Мадумаров өзүнө ишеним көрсөтүү, же көрсөтпөө маселесин добушка коерун билдирген. Төрагага байланыштуу маселени социал-демократиялык жана коммунисттик фракциялардын да карашы белгиленген. (AiT)
8:08 Бүгүн “Ак жол” фракциясынын жыйынында төрага Адахан Мадумаровду мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу маселеси каралат