Аны биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев ачат. Региондогу суу ресурстарын башкарууга арналган конференция 2009-жылы Стамбул шаарында өтө турган дүйнөлүк суу форумуна даярдык катары өткөрүлөт. Конференцияда региондогу мамлекеттердин, Армения, Азербайжан, Грузия, Иран жана Түркиянын өкүлдөрүнүн суу проблемалары боюнча докладдары сунушталат. (AiT)