Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

КЫМБАТЧЫЛЫК СОГУШ АЙМАГЫНДАГЫЛАРДЫН АБАЛЫН ОГО БЕТЕР ООРЛОТТУ


Кымбатчылык дүйнө өлкөлөрүндө тынчыздануу жаратуу менен Азия жана Африканын айрым мамлекеттеринде атүгүл тополоң да чыгарган эле. Бул аралыкта Эл аралык Кызыл Чырым комитети азык–түлүк баасынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/192A70D0-064F-4256-85C9-2044EC649551.asp асмандоосунун айынан эң чоң зыянды ириде согуш жүрүп жаткан аймактардын миллиондогон тургундары тартып жатканын эскертти. Бул тууралуу баш кеңсеси Женевада жайгашкан уюмдун кечээ жарыяланган жылдык докладында айтылат.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетиинин президенти Якоб Келленбергердин Женевадагы басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, былтыр бул уюм гуманитардык иштери үчүн 944 миллион швейцар франкын сарптаган. Бир швейцар франкы учурда дээрлик бир долларга барабар. Чыгымдын 45%ы Африканын, 21%ы Жакынкы Чыгыш чөлкөмүнүн үлүшүнө туура келет.

Былтыр Кызыл Чырымдан ошондой эле дүйнө боюнча согуштан жана түрдүү зордук-зомбулуктардан улам жер которууга аргасыз болгон 4 миллиондой киши жардам алды. Уюмдун ырастоосунда, азык–түлүк жана отун баасынын кымбатташы адамдардын мына ушул катмары үчүн өзгөчө жана кошумча түйшүктү жаратууда.

Кызыл Чырымдын операциялар боюнча директору Пиерр Крейхенбахл мындай дейт:

-Азык-түлүк баасынын акыркы кымбаттосу - Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин реалдуу тынчыздануусун жараткан маселе. Биз кымбатчылыктын Африкадагы конфликтерден ансыз деле запкы тарткан адамдарга тийгизген таасирин, мисалы Борбордук Африка респуликасынан жана Чад мамлекетинен көрө баштадык.

Ал эми Кызыл Чырым комитетинин басма сөз катчысы Марсал Изард согуш аймагындагылар азык–түлүк кымбаттосунан улам өзгөчө соккуга кириптер болушканын төмөнкүчө түшүндүрөт:

-Биз батыш дүйнөсүндө орточо үйбүлө азык -түлүк үчүн кирешесинин 15%ын гана коротот деп айта алабыз. Кедейирээк өлкөлөрдө бул андан көп, 30-50%дын тегерегинде. Ал эми биз күбө болуп жаткандай куралдуу жаңжал жүргөн өлкөдө адамдар акчасынын 75%га чейинкисин тамак-ашка сарпташат. Эптеп жан сактоо үчүн билим алуу, саламаттыгын текшертүү өңдүү башка чыгымдарын кыскартууга муктаж. Муну биз азыр куралдуу жаңжалга же кыянатчылыктарга байланыштуу иштеп жаткан Сомали, Чад, Ооганстан, Гаити жана башка мамлекеттерден абдан эле байкап жатабыз.

Азык-түлүк менен күйүүчү майга баанын өсүүсү эл аралык гуманитардык уюмдарды бушайманга салган кези. Маселен Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасы жыл башында эле донор өлкөлөргө быйылкы бюджетинде 775 миллион долларга чыккан таңсыктыкты жаап берүүнү өтүнүп кайрылды. Анткени бөлүнгөн акчага мурда мерчемделген азык-түлүктү сатып алалбай калды.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин презденти Якоб Келленбергер Женевадагы пресс-конференцияда белгилегендей, бул уюм кымбатчылыкка карабай быйыл 52 өлкөдө жардам көргөзүү иштерин мурда мерчемделген көлөмдө сактоону көздөөдө. Бирок келерки жылы донорлордон кошумча каражат суроого мажбур болушу мүмкүн. Сексен өлкөдөгү гуманитардык иштер үчүн 1 миллиард швейцар франкынан ашуун акча талап кылынат. Учурдагы долбоор боюнча эң көп каражат Ирак, Судан, андан соң Ооганстан үчүн жумшалмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG