Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

14:35 Бүгүн Бишкекте суу боюнча аймактык форум ишин баштады


Эки күндүк бул форум сууну үнөмдүү пайдалануу, ирригация чарбасын өркүндөтүү өндүү маселелерди талкуулоодо. Мындан тышкары бүгүн сууну товар катары пайдалануу маселесин дүйнөлүк деңгээлдеги талкууга чыгаруу демилгеси да көтөрүлдү. Аймактык форум 2009-жылы Стамбулда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк суу форумун утурлап уюштурулууда. Форумга Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын тиешелүү миинстрликтеринин, тармактарынын жетекчилери, окумуштуулар, талдоочулар, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара Түркиянын колдоосу менен өтүп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG