Бул туурасында бүгүн Ысыкатанын бир катар жашоочулары өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Алардын айтымында, быйылкы жаз айларында эле бассейинге эки өспүрүм чөгүп кеткен. Алардын бири – 1-марттын түнүндө куткаруучулардын жоктугунан каза тапкан жана ага карата кылмыш иши козголгон. Экинчи өспүрүмдүн өлүмүнө бассейиндин кызматкерлери күнөөлүү эмес деди, аталган жайдын жетекчиси Элнура Дегенбаева. Бирок жергиликтүү тургундар бассейинге байланыштуу бир топ жылдан бери нааразылык иш-чараларын өткөрүп, былтыр 31-июль күнү кан жолду бууп алышкан. Алардын нааразылыктары, Ысыкатадагы табигый дары суунун ынсапсыз колдонушу жана бассейинден түшкөн кир суунун Ысыката суусуна кошулуп, элдердин ооруп жатканына байланыштуу болууда. (JJ)
16:29 Ысыкатадагы «Мээрим Булагы» бассейинине соңку үч ай аралыгында эки өспүрүм чөгүп каза тапкан